Домой Жаңылыктар Баткенде лицензиясы жок ишмердүүлүк жүргүзүп келген автомектеп жабылды

Баткенде лицензиясы жок ишмердүүлүк жүргүзүп келген автомектеп жабылды

24

ИИМдин ЖКККББнын тескемесинин талаптарын аткаруу максатында 2022-жылдын 29-ноябрь күнү Баткен шаарында Баткен ОИИБи боюнча ЖККК бөлүмүнүн жетекчилиги жана Транспорт ишин жөнгө салуу жана лицензиялоо тобунун кызматкерлери ИИМдин “Унаа” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери менен биргеликте облустун аймагында жайгашкан айдоочулук курамды даярдоо жана кайра даярдоо багытында иш жүргүзүүчү автомектептердин жетекчилери менен жыйын өткөрүштү. Жыйындын жүрүшүндө Транспорт ишин жөнгө салуу жана лицензиялоо тобунун улук инспектору Айбек Худаяров облустун аймагында жалпысынан 27 автомектеп; анын ичинен 5 спорттук-техникалык коргонуу уюму мекемеси (ДОСАФ), 10 кесиптик лицейи жана 12 жоопкерчилиги чектелген коом мекемелери бар экенин билдирди. Алар жыл башынан бери аталган автомектептердин айдоочулук курамды даярдоо жана кайра даярдоо багытында жүргүзгөн иштерине атайын түзүлгөн эксперттик комиссиянын курамы менен биргеликте лицензиялык талаптардын сакталуусу боюнча окуу жайлардын ишмердүүлүгүнө текшерүүлөр жүргүзүлүп, аларды көзөмөлдөп, тиешелүү жумуштар аткарылып жаткандыгын маалымдады. Ал окуу жайдын жетекчилерине курсанттарга айдоочулук этиканы жакшыртууга көңүл буруу керектигин жеткирди. Ошондой эле текшерүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Укук бузуу жөнүндө кодексинин 284-беренесинин 1-2 бөлүмүнүн негизинде 3 протокол жазылып, эч кандай лицензиясы жок автомектеп ачып алгандыгы үчүн 1 автомектептин филиалы жабылды. Жыйындын акырында окуу жайдын жетекчилерине айдоочулук курамды даярдоодо биринчи кезекте окуу жайдын материалдык-техникалык базасын лицензиялык талаптарга жооп берүүсүн, курсанттардын катышуусун жогорулатууну жана окутуу усулдарын тиешелүү деңгээлде жүргүзүүнү жеткирди.

Баткен ОИИБи боюнча ЖКККБнын Басма сөз кызматы