Домой Жаңылыктар УКМК Бишкектеги дарыкананын кампасына мөөр басты

УКМК Бишкектеги дарыкананын кампасына мөөр басты

14

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкектеги дарыкананын кампасына мөөр басты.

Комитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, учурда бир катар фармацевтикалык компанияларга жана КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык каражаттар департаменти коррупциялык иштер боюнча тергөө амалдарын жүргүзүп жатканын маалымдайт.

Бул иш боюнча тергөө амалдарынын жүрүшүндө алынган далилдерди табуу жана тийиштүү түрдө эсепке алуу максатында «М-РАЙН» ЖЧКсынын кампаларында издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Ири көлөмдөгү дары-дармектердин табылганын эске алып, тиешелүү тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн «М-РАЙН» ЖЧКсы колдонгон сактоочу жайына мөөр басылган.

Учурда бул иштин алкагында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.