Домой Жаңылыктар Эл ташыган кичи автобус оодарылып кетти

Эл ташыган кичи автобус оодарылып кетти

1041

Бишкектин Киев жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде кичи автобус оодарылып кеткен. Бул тууралуу 24.kgге окурмандар билдиришкен.

Маалым болгондой маршруттук каттам менен жеңил унаа кагылышкан. Кырсык жарым саат мурда болгон. Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери иш алып барууда.

«Жабыркагандар бар же жок экени белгисиз. Бирок кырсык болгон жерде дарыгерлерди байкаган жокпуз», — дейт окуянын күбөлөрү.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматы азырынча комментарий алуу үчүн жеткиликсиз.