Домой Жаңылыктар Сапарбек Аргынбаев: Ташиевдин сөгүнгөнүнө баа берүү керек. Курултай

Сапарбек Аргынбаев: Ташиевдин сөгүнгөнүнө баа берүү керек. Курултай

1221
Курултайга конок катары чакырылган Сапарбек Аргынбаев УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин Жогорку Кеңеште сөгүнгөнүнө баа берүү керектигин айтты.
«Кимдин апалары тирүү? Кимдин апалары болсо Жогорку Кеңеште сөгүнгөнгө кандай баа бериш керек? Ал киши президентти көзүнө илбей ошол сөздү айтты. Трибунада элге кайрылып жатып айтты. Ошого дагы…», — дегенде убакыт бүтүп, микрофонду өчүрүп коюшту.
Залда отургандар кыйкырып микрофонун күйгүзүүнү талап кылышты эле, ага карабай курултайдын төрагасы Кадыр Кошалиев эрежени сактап, берилген убакыттан ашпай сүйлөө керектигин айтты.
Анын алдында Аргынбаев элди кошоматчылыкты токтотууга чакырып, ошентип жүрүп канча президентти аңга түртүшкөнүн белгилеген.
Ал эми «убагында Садыр Жапаровго материалдарды токуп, 10 жылга камаган тергөөчү, прокурор, соттор эмнеге жоопко тартылган жок» деп башкы прокурорго кайрылса, «Садыр Нургожоевич арыз жазган жок» деген жооп узатылды.
Аргынбеков эгер алар жазаланса бүгүн болбогон жерден камалып жаткандардын бардыгы эртең эркиндикке чыкмак деп эсептээрин белгиледи.