Домой Жаңылыктар Малик Аликеев өнөр сүйүүчүлөрдү «Өмүр жөнүндө ой толгоо» аттуу концертине чакырат

Малик Аликеев өнөр сүйүүчүлөрдү «Өмүр жөнүндө ой толгоо» аттуу концертине чакырат

1038

Кыргыз маданиятына чоң салым кошкон инсандардын бири, “Мөлмөлүм” баштаган ж.б. чыгармаларды жогорку деңгээлдеги чеберчилик менен элибизге тартуулап келген ырчы Малик Аликеев 4-декбрда “Өмүр жөнүндө ой толгоо” аттуу концертин Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөрөт.

Бейиш эненин таман алдында. Ыңаалатып жарык дүйнөгө алып келип, элине өнөрү менен жаккан, аз жылдар ортодо ден соолук айынан тыным алып калган уулунун саламаттыгын сакайтып, өнөр сересине алып чыккан 90 жаштагы Малик Аликеевдин энеси да бул концертте ырдайт.

Кыскасы, 4-декабрда Борбор калаабызда «МӨЛМӨЛҮМ» 90 жаштагы эне оозунан кайрадан төрөлөт. Кубулжуган үнү менен керемет ырларды ырдап, калың элдин сүйүктүү ырчысына айланган Малик Аликеевдин 4-декбрда өтүүчү ыр кечесине чакырабыз!

Малик агабыздын апасынын уккулуктуу үнүн угуп, кайталангыс, концерт көрүп, жарпыңарды жазып кеткиле.