Домой Маек Калдарбек Койлубайтегин: «Саясий абалдын туруксуздугу тууралуу жомокту баягылар көбүртүп айтып келатышат»

Калдарбек Койлубайтегин: «Саясий абалдын туруксуздугу тууралуу жомокту баягылар көбүртүп айтып келатышат»

16

   -Элдик  курултай абалды жөнгө сала алабы?

-Саясий абалдын туруксуздугу тууралуу жомокту баягылар көбүртүп айтып келатышат. Абал туруктуу эле. Көргүсү келбегенге көргөзүүнүн, уккусу келбеген айтуунун деле зарылчылыгы жок. Эми курултайга келсек…Бул сөз далайдан бери ооздон түшпөй, аян болуп түшкөн куруттай, айды жарк эткизе көргөзө салчу булуттай эле сырдуу жомок катары жашап да, жашамыш болуп да келатат. Ачыгын айтканда курултай деген эмне, аны кантип кайнатып чай демдесе, неге кошуп жесе болот деген соболго бүгүн эч ким так жооп айта албайт. Бирок, ар кандай божомолдорду айтышып, кала берсе атайын бир концепцияларды жазып жүрүшкөндүгүн билебиз. Анткени, мындан мурун өткөн курултайларга карап кандайдыр тыянак чыгаруу же баа берүү апендинин эле иши. Ал курултайлар насилинде жөн эле бийликти сактап калуучу “хоп майлилер” болчу.
Делегаттардын дээрлик көп бөлүгүү жылаңач баатырлар деп жатышат. Эгерде жылаңач баатырдардын саны арбыныраак болсо, албетте айтылбай турчу сөздөр да айтылып, айтылбай турган сөз эле, чыгып кетти өзү эле болот да калат.Ылайым ошондой болсун деп тилеп туралы.
Экинчиден, бир жылдык өмүрдү алган курултайдын эртеңи, келечеги кандай болот?Баарын ушул собол ойлонтуп турат. Бүгүн бар, эртең жок болобу дегендер да толтура…парламенттин ролун басышы керек деп басым жасагандар андан көп..Бир сөз менен кез келди…белди бек бууп.. күтүп туралы…баарына убакыт калыс…