Домой Маек Эрнест Карыбеков: “Курултайда майда барат маселелер менен алып урушпай, глобалдуу маселелерди чечүүнүн...

Эрнест Карыбеков: “Курултайда майда барат маселелер менен алып урушпай, глобалдуу маселелерди чечүүнүн аракетин көрүшүбүз керек”

12

-Эртен боло турган элдик курултайда кандай маселелер көтөрүлсө дейсиз?
-Мен курултайда свет жок, суу керек, жол салгыла деген маселелерден башка глобалдуу маселелер көтөрүлүшүн каалайт элем. Себеби, мындай көйгөйлөрдү талкуулай берсек, убакыт жетпей калат. Ал турсун андай көйгөйлөрдүн көптүгүнөн чечкенге да үлгүрбөй калышат. Ошон үчүн жер-жерлерден делегаттар келип, бийлик менен бетме-бет жолугуп жатканда мамлекетти өнүктүрүүнүн жана элдин турмушун жакшыртып, экономиканы көтөрүүнүн жолун талкууласа жакшы болмок. Анткени, Кыргызстан өзүнүн экономикалык моделин аныктай турган абалга кептелди. Майда барат маселелер менен алп урушпай, ушундай маселелерди талкуулап, чечүүнүн аракетин көрсөк эң жакшы болмок.