Домой Жаңылыктар Акылбек Жапаров: Президент Кумтөрдүн алтынына азгырылган жок

Акылбек Жапаров: Президент Кумтөрдүн алтынына азгырылган жок

56

2022-жылдын он айында Кумтөрдөн 26,5 млрд сом түшкөн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Элдик курултайда билдирди.

Анын айтымында, 11 жыл аралыгында алтын өндүрүүчү компаниядан болгону 5,3 миллиард сом түшкөн.

«Эгерде 2021-жылы 10 тонна алтын алып, өлкөдө калса, 2022-жылы дагы 17 тонна алтын калат. Президент тагдырын Кумтөргө арнады, бирок алтынга азгырылган жок. Бул үчүн ага рахмат айталы. Садыр Нургожоевич эч кимге уурдаганга жол бербей, баарын казынага чогултат», — дейт Акылбек Жапаров.