Кечээ, Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров журналистер үчүн маалымат жыйынын кылды. Анда мэр шаарыбыздагы жасалып бүткөрүлгөн иштери боюнча кенен маалымат берди. Сап башында 15 мектеп жана 1 бала бакчаны куруп ишке бергени менен башталды. Өз сөзүндө мэр буга чейин шаардыктардын көкөйүнө тийген таштанды жайында, таштандыны ылгоочу заводун куруу керектигин баса белгиледи. Ал журналистерге кайрылып:
«Биз сиздер менен мурдагы жолугушууларда Президентибиздин 15 мектеп 1 бала бакчаны бүткөрүү тапшырмасын ишке ашырып алсак, мэр катары менин эң чоң планым таштанды заводун куруу болот дегем. Ал убадабызга туруп, учурда иштер башталды. Биз азыр эки компанияны тандадык. Бири Америкалык компания. Алардын экспертери учуп келишип, азыр таштанды жай менен таанышып, өздөрүнүн иштерин жүргүзүп жатышат. Экинчиси, Чехиялык компания. Алардын эксперттери 8 күн бул жерде болуп, иштерин кылып кетишти. Бизге жакшы сунуштарын беришти. Биз каржы жолдорун карап жатабыз. Эки компаниянын бирөөсү менен «мынча суммага, бул убакта башталат, бул убакытта бүтөт» деп, меморандумга эмес, контракта кол коем. Муну шаардыктарга 30 жылда айта берип кулактары бышып бүткөн. Ишеним аз. Бирок, биз буйруса заводду курабыз»-деди мэр.