Домой Жаңылыктар Эмилбек Абдыкадыров: жаңы автобустар 15-декабрга чейин алып келинет

Эмилбек Абдыкадыров: жаңы автобустар 15-декабрга чейин алып келинет

28
Бишкекке жаңы автобустар 15-декабрга чейин алып келинет. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйында билдирди.
Калаа башчысы жаңы автобустар үчүн шаардын борбордук бөлүгүндө маршруттук үч схема иштелип чыкканын, айрым автобустар калктуу конуштарга каттай тургандыгын айтты.
«Автобустар Кытайдын заводунан түз алып келинет. Бул транспорт каражаттары дүйнөлүк талаптарга жооп берип, газ менен жүрөт, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн да ылайыкташкандыктан жапыз, кирүүгө ыңгайлуу», — деди Абдыкадыров.
Буга чейин шаар башчысы жыл аягына чейин борборго газ менен жүргөн 120 автобус алып келээрин билдирген. Жаңы транспорт каражаттарына шаардык бюджеттен дээрлик 1 миллиард сом бөлүнгөн. Автобустардын ар биринин баасы 91 миң долларды түзөт.