Домой Жаңылыктар Депутат Бакиров ага кабинет берилбей жатканын айтты

Депутат Бакиров ага кабинет берилбей жатканын айтты

171
Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров кабинети жок калганын айтты.
Аны 18-ноябрда чыгарып салып, ошол бойдон башка иш бөлмө берген эмес.
«Саат 13:00гө чейин кабинетти бошотуп кой деген экен. Менин жардамчыларым түшкү тамактанууга түшүп кетсе ичиндеги буюмдарды, документтердин баарын сыртка алып чыгып коюшуптур. Эшигине мөөр басып кеткен. Эч кандай жаңы кабинет берилген жок. Азырынча көчөдө жүрөм. Президенттин иш башкармалыгынын жетекчисин чакырышты го бүгүн, сурайбыз келгенде. Мага кабинет маанилүү деле эмес, аны өтө чоң трагедия кылгым келбейт. Ушунун арты менен упай топтоодон дагы алысмын», — деди Бакиров.
Ошондой эле ал кабинетин 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин төраганын көрсөтмөсү менен өз каражатына оңдоп-түзөп анан киргенин белгиледи.
Эскерте кетсек, өткөн жумада эл өкүлү Өмүрбек Бакиров УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтышкан. Ташиевге болушуп депутат Фархат Исмаилов кесиптеши менен мушташып кете жаздаган.
Андан соң парламенттин чарбалык иштерин караган президенттин иш башкармалыгы Бакировго 7-кабаттагы кабинетти бошотуп коюу талабы менен кат жөнөткөн. Эртеси эле депутаттын буюм-тайымдарын коридорго чыгарып салышкан.
Булак: sputnik.kg