Домой Жаңылыктар Түркияга барган Шакиевдин сырт кийимчен отурушу сынга алынды. Расмий жооп

Түркияга барган Шакиевдин сырт кийимчен отурушу сынга алынды. Расмий жооп

472
Социалдык тармакта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиевдин Түркияга барган учурунда сырт кийимчен отурганы кызуу талкууга алынууда.
Сүрөттөн кыргыз-түрк парламенттеринин достук тобунун жетекчиси Сабри Өзтүрк менен жолугушууда Шакиев курткачан, галстугу жок отурганын көрүүгө болот.
ЖК төрагасынын маалымат катчысы Алтынбек Деркембаев Анкара аэропортунда бейформал жолугушуу болуп өткөнүн билдирди.
«Расмий сапардын алкагында жолугушуулар, сүйлөшүүлөр эртең (22-ноябрда) башталат. Бейрасмий тосуп алуу маалындагы сүрөттү жарыялап, ар кандай олдоксон пикирлерди жазуу, талкууга алуу акылга сыйбаган көрүнүш. Кыргыз-түрк парламенттеринин достук тобунун жетекчиси Сабри Өзтүрк менен Жогорку Кеңештин төрагасы жана делегация курамындагылар аба майдандын VIP залында жөн гана ал-жай сурашып, учурашып отурган сүрөттү талкуулоо жана аны бурмалап коомчулукту удургутуу осол иш деп эсептейм», — деп жазды маалымат катчы.
Эскерте кетсек, ушу тапта Түркияда Жогорку Кеңештин делегациясы иш сапар менен жүрөт.
Булак: sputnik.kg