Домой Жаңылыктар Кочкордо ЖРТдан 200дөн ашык балл алган окуучуга унаа белек кылынат

Кочкордо ЖРТдан 200дөн ашык балл алган окуучуга унаа белек кылынат

108

Чолпон айылында ЖРТдан 200дөн ашык балл алган окуучуга унаа белек кылынат. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

«Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Чолпон айылында мектеп окуучуларын билимге шыктандырууга багытталган саамалык болуп өттү. Жыйында быйылкы 2022-2023-жылкы бүтүрүүчүлөрү арасында сынак жарыяланып, алдыдагы ЖРТ сынагынан 200 баллдан жогору балл алган окуучуга демөөрчүлөр тарабынан унаа белекке берилмей болду. Мындан сырткары, окуучуларды мыкты даярдаган окутуучу агай-эжелердин бирөөсүнө акыркы үлгүдөгү iPhone уюлдук телефону белек кылынмакчы. Ал эми, жалпы Кочкор району боюнча ЖРТ сынагынан алдыга озуп чыккан окуучуга 100 миң сом акчалай сыйлыгы «Кочкор» коомдук фонду тарабынан берилери убада кылынды»,- деп айтылат маалыматта.