Домой Жаңылыктар Эки жыл мурун 247 айылда мектептер жараксыз болсо, азыр алардын саны 80ге...

Эки жыл мурун 247 айылда мектептер жараксыз болсо, азыр алардын саны 80ге түштү

18

Республика боюнча эки жыл мурун 247 айылда мектептер жараксыз болчу. Бул тууралуу Бишкекте курулуп бүткөн жаңы билим берүү мекемелеринин бет ачарына арналган иш-чарада президент Садыр Жапаров билдирди.

“Анын барын куруп бүтүп, азыр эле санын алдым, 80ден ашык мектеп калыптыр. Жараксыз, окуганга болбойт деген мектептер. 60-70-жылдары курулган мектептер. Кудай буюрса алдыда дагы эки-үч жылда толук салып бүтүп, мектеп, бала бакча маселесин чечебиз”, — дейт өлкө башчы.

Эскерте кетсек, Бишкекте үстүбүздөгү жылдын беш айында 15 билим берүү мекемеси курулду.