Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев «Азия Ньюс» гезитин сотко берет. Бул тууралуу башкы редактор Асланбек Сартбаев Фейсбуктагы баракчасына билдирди.
Анын айтымында, ал Урмат Самаевге доо арызын кайтарып алууну сунуштайт.
Маалым болгондой, чиновниктин сотко кайрылуусуна 30-июлда Бишкектеги СИЗО-1де өлтүрүлгөн Дөө Чыңгыз деген каймана ат менен белгилүү болгон кримавторитет Чыңгыз Жумагулов тууралуу материал себеп болгон.
Урмат Самаев өзү азырынча комментарий алуу үчүн жеткиликсиз.
Булак: 24.kg