17-ноябрда Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди көпчүлүк добуш менен колдоду. Эки-үч айдан бери коомчулукта катуу талкуу болуп келген келишим ратификацияланды, эми ага мамлекет башчысынын кол коюусу калды.
Бул келишим Кыргызстандын аянтынын кеңейишин камсыздады. Толук кандуу күчүнө киргенден кийин 15 миң 572 гектарга кеңейет. Башкача айтканда учурда картада өлкө аянты 199 949,28 чарчы километр болуп турса, эми келишимдин негизинде бул көрсөткүч 200 105 чарчы километр болуп өзгөрөт. Ушундан улам эле Кыргызстан уттурбай, тескерисинче, өзүнө пайдалуу макулдашууга барганын түшүнүүгө болот.
Эзелтен кыргыздын жери болуп, бирок союз убагында жана андан кийинки мезгилдерде кандайдыр бир себептер менен Өзбекстандын карамагына өтүп, учурда өзбек картасында жайгашып калган жерлер бар. Алар толугу менен Кыргызстанга кайтарылды. Алар төмөнкүлөр:
1.105 гектар — Көк -Серек айылынын жанында (Ала-Бука району);
2. 212 гектар- Баястан айылынын жанында (Ала-Бука району);
3. 25 гектар — Кара-Белес айылында (Ала-Бука району);
(Эскерте кетсек, бул жер 2017-жылы ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин колу коюлган келишим боюнча Өзбекстанга өткөн).
4. 12 849 гектар — Гавасай аймагында (Ала-Бука району);
(Бул Кыргызстандын тарыхый жери, бирок 1965-жылы ошол кездеги өлкө жетекчилеринин чечими менен коңшу мамлекетке өткөн).
5. 100 гектар — Кара-Суу районунда;
6. 35 гектар — Унгар — Тоо.
(Бул кыргыздын жери дечүлөр табылат. Өзөгү кыргыз жери болгону менен 30 жылдан бери коңшу өлкө менен талаш аймактардын катарын толуктап келген. 100 пайыз Кыргызстанга таандык болгон эмес, 30 пайызына Өзбекстан ээлик кылган. Талаштуу болгондуктан, 2016-жылы коңшу өлкөнүн аскерлери басып алган чыр-чатактуу окуя катталган. Эми аны бизден эч ким талаша албайт, мыйзамдуу түрдө 100 пайыз Кыргызстандын аймагына айланды.)
7. Баткен облусундагы газ сактоочу Түндүк Сох толук кандуу Кыргызстандын карамагына өттү.
Жалпы жонунан өлкөбүз 15 миң гектардан ашуун кошумча аянтка ээ болду. Кыргыздын жери берилген жок, тескерисинче, коңшу мамлекеттин картасына илинип калгандары кайтарылды, андан сырткары жаңы аянттар кошулду. Эми Кыргызстандын картасы 19 деген цифра менен башталбайт, ал көбөйдү — 20 миллион гектарга чыкты! Алдыга жылуу, жаңы чекти багынтуу жаралды. Кайсы жерде Кыргыз мамлекетинин картасы көрүнбөсүн баштагыдай аянты деген жерге 19 миллион эмес, 20 миллион бажырайып жазылып турат. Өлкөнүн аянты согуш, баскынчылык эмес, тынчтык, сүйлөшүү жолу менен кенейиши дүйнөдө чанда кездешет. А биз буга жетише алдык!