Жалал-Абад облусунун аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарга бөгөт коюу, жаш өспүрүмдөр арасында топтошуп мушташууларды болтурбоо иштери милиция тарабынан тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө.
Бул жолку профилактикалык жумуштар Жалал-Абад, Сузак, Майлуу-Суу, Кара-Көл жана Ала-Бука милициясы тарабынан жүргүзүлдү. Кызматкерлер чет элдик жарандар, ата-энелер жана мектеп окуучулары менен жолугушуп түшүндүрүрүү иштерин алып барышты. Мектепке жакын дүкөндөрдө спирт ичимдигин жана тамеки сатпоо керектигин, балдардын келечегина кам көрүү баарыбыздын милдетибиз экендигин эскертишти. Ошондой эле милициянын көчмө кабылдама унаасында жергиликтүү тургундардын ар кандай мазмундагы кайрылуулары кабыл алынууда.
Ал эми Кара-Көл ШИИБдин өздүк курамы тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүлдү.
Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы