Домой Жаңылыктар Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди ратификациялады

Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди ратификациялады

31

Жогорку Кеңеш бүгүн 17-ноябрдагы жалпы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алды. Документти 64 депутат колдоп, 19у каршы добуш берди.

Ошондой эле чек арадагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу тууралуу келишим да колдоо тапты.

Процедурага ылайык, мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.