Домой Жаңылыктар Сонунбүбү Кадырова: Президенттин ниети ак экенин маселени элге зыян алып келбей чечип жатканынан...

Сонунбүбү Кадырова: Президенттин ниети ак экенин маселени элге зыян алып келбей чечип жатканынан билсек болот

13

— Президент кайрылууда ачуу чындыкты айттыбы? Сиз ажонун кайрылуусуна ынандынызбы?

— Мен ажонун айтканына ынандым. Болгонун болгондой жеткиликтүү түшүндүрүп айтып берди. Ойлонуп көргөндө, Кыргыз менен өзбек эли башка мамлекеттерге үлгү болчудай эле иш кылышты. Эки президенттин ниеттери таза экени мына ушул маселени ынтымактуу, элге зыян алып келбей чечип жаткандыгында. Анан чек арадагы күбүр-шыбыр болгон жалган сөздөргө чекит койсо элдин деле уйкусу тынч болоор эле. Учурда суу сактагычты бирдей пайдалануу боюнча макулдашуулар болуптур. Суу сактагычты пайдаланууга чектөөлөр коюлбайт экен. Керек болсо көлгө насос салып, керектүү айылдарыбызга суу тартып алганга чейин боло турганын уктук. Ал кыргыз элине да өзбек элине да бөлөк-бөтөн жер эмес. Жергиликтүү эл балык уулап, мал сугарып кадимкидей колдонууга мыйзам жол берилет. Бул колдой турган маселе.