Депутат Өмүрбек Бакиров Ташиевдин сөгүнгөнүн жыйындар залынан чыгып кеткенден кийин, интернеттен көрүп калганын айтып, ага жооп берди.
«Энени айтып сөгүнүп жатпайбы. Бул намыска тиет, ашыкча болуп кетти. Мамлекеттик кызматкер, мамлекеттик жетекчи адам андай сүйлөбөш керек. Эл өз баасын берет. Бирок аял кишини, энени сыйлаганын ушул жерден көрсөтүп койду. Аял кишиге, энеге болгон мамилесин көрсөттү. Кандай болсо да, Кудай өзү тараза», — деди ал.