Эл өкүлү Руслан Жакышов парламентте өлкөдөгү дарыканалар тууралуу маселе көтөрдү.
Депутат айрым дарыканалар башка өлкөлөрдө тыюу салынган баңгизаттык таасири бар, психотроптук дарыларды көзөмөлсүз сатууда деп билдирди.
«Өзүңөр билгендей Кыргызстанда дарыканалардын саны көп. Алардагы дарылардын сапаты жана баасы эч көзөмөлдөнбөйт.
Мындан тышкары, дарыканаларда психотроптук дары-дармектер да дарыгерлердин көзөмөлүсүз эле сатылып, тилекке каршы аларды кичинекей балдар, окуучулар алат экен.
Өзгөчө, Цикломед, Мидотроп, Мидакс, Сомнол, Лирика өңдүү дарыларды адистер өтө зыяндуу деп маалымат берүүдө. Бул боюнча мага көптөгөн кайрылуулар келүүдө. Андыктан, “Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере болот” – дегендей, жаштарды наркотикалык кошулмалары бар дары-дармектер менен уулаганды токтотпосок, келечегибиз коркунучта. Бул маселени Саламаттык сактоо министрлиги, анын ичинен дары-дармек департаменти көзөмөлгө алып, дарыканаларда сатылып жаткан дарыларды көзөмөлгө алыш керек»,-деди эл өкүлү.