Домой Укук Ош шаарында жаш өспүрүмдөрдүн арасындагы жол кырсыктарын алдын алуу боюнча жыйын өттү

Ош шаарында жаш өспүрүмдөрдүн арасындагы жол кырсыктарын алдын алуу боюнча жыйын өттү

25
Ош шаарынын жалпы билим берүү мекемелеринин окуу бөлүмүнүн башчылары жана социалдык мугалимдери катышкан чоң жыйын болуп өттү. Жыйынга шаардык билим берүү мекемесинин жетекчилиги, Ош ШИИБдин балдар менен иштөө инспекциясынын жана милициянын кайгуул кызматынын инспекторлору дагы катышып, жаш өспүрүмдөрдүн арасындагы жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо үчүн мугалимдердин кошкон салымы чоң экендиги айтылды. Кошумча сабактарды өтүү жана мектептердин класстарында «Инспектордун жаш досу» бурчтары болушу керектиги да белгиленди.
Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери шаардагы бардык билим берүү мекемелерине жол эрежеси жөнүндө түшүндүрдү жана кошумча сабактарды өтүү графиги атайын жетекчилик тарабынан бекитилген. Андан сырткары жол боюндагы жайгашкан мектептерге окуучунун элеси чагылдырган 10 даана макеттер кошумча орнотулган. Жыйындын жүрүшүндө жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо боюнча ой пикирлер, суроо жооптор берилди .
Ош ШИИБи боюнча МККБнын Басма сөз кызматы