Домой Жаңылыктар Бишкекте мектеп автобустары ишке киргизилүүдө — пилоттук долбоор келерки аптадан иштей баштайт

Бишкекте мектеп автобустары ишке киргизилүүдө — пилоттук долбоор келерки аптадан иштей баштайт

81

Мектеп окуучуларын ташуу боюнча пилоттук долбоорду мэрия эки ай бою сыноодон өткөрөт. Бул тууралуу маалымат жыйынында Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев билдирди.

«Бүгүнкү күндө жеке менчик мектептердин окуучуларын ташуу менен алектенген «School Bus» ЖЧКсы бар. Жакында мектеп автобустарын киргизүү демилгеси көтөрүлүп, биз бул долбоорду ишке киргизүүнүн мааниси бар деген жыйынтыкка келдик. Ал пилоттук болуп, ноябрда, декабрда жана максималдуу түрдө январь айына чейин иштейт. Транспорт департаменти жана биздин өнөктөшүбүз «Скол автобус» ЖЧКсы үчүн бул долбоорду улантуу керекпи, ал өзүн актайбы же жокпу деген чечим кабыл алышыбыз үчүн зарыл. Бүгүн же эртең каттамды бекитип, кийинки жумадан баштап ишке киргизүү пландалып жатат.», — деди

Нусувалиев.«Биринчи этапта бир эле ISUZU маркасындагы эки гана автобус болот. Долбоор ийгиликтүү болуп калса, атайын мектеп автобустарын сатып алууну пландап жатабыз. Жол кирени ташуучу менен мектеп жетекчилери сүйлөшөт. Мектеп жетекчилери өз кезегинде ата-энелер комитеттери менен талкуулашы керек.Алгачкы этапта 5-7 мектепти камтууну пландап жатабыз. Долбоор ийгиликтүү ишке ашса, мектептердин да, транспорттун да санын көбөйтөбүз», — деп кошумчалады Нусувалиев.