Домой Жаңылыктар Жерүй кенин иштетүүдөн Кыргызстандын бюджетине 8,8 млрд сом түшкөн

Жерүй кенин иштетүүдөн Кыргызстандын бюджетине 8,8 млрд сом түшкөн

8

Ноябрь айына карата “Альянс Алтын” ишканасы республикалык жана жергиликтүү бюджетке 8 млрд 839 млн 345 миң 822 сом салык түрүндө которду.

Компаниядан билдиришкендей, анын ичинен өндүрүлгөн алтынды сатуудан түшкөн каражат 5 млрд 873 млн 291 миң 672 сом.

Ишкана Талас районунун жергиликтүү инфратүзүмдү сактоо жана өнүктүрүү үчүн сатыктан 615 млн 199 миң 751 сом төлөгөн, анын ичинен:

  • Талас облусун өнүктүрүү фонду – 307 млн 599 миң 875, 50 сом
  • Талас районунун өнүктүрүү фонду –184 млн 559 миң 925,30 сом
  • Бекмолдо айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү фонду – 123 млн 39 миң 950,20 сом.

“Альянс Алтын” ЖЧКсы Жерүй алтын кенин иштетүүгө жана Жерүй аймагындагы алтынды чалгындоого лицензияга ээ. Жерүйдү иштетүү үчүн Талас алтын кен комбинаты курулган.