Домой Жаңылыктар Милиция августтан бери дайынсыз болуп жаткан өспүрүмдү таап, ата-энесине өткөрүп берди

Милиция августтан бери дайынсыз болуп жаткан өспүрүмдү таап, ата-энесине өткөрүп берди

6

Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө 1979-ж.т. М.А. аттуу шаар тургуну кайрылып, август айынын орто ченинде 2008-ж.т. уулу белгисиз тарапка качып кеткен бойдон дайынсыз экендигин билдирген.

Бул маалымат Жалал-Абад милициясы тарабынан каттоого алынып, дайынсыз болуп жаткан өспүрүмдү издөө иштери башталган. ШИИБдин балдар иштери боюнча инспекция тарабынан жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында 14 жаштагы бала Ош шаарында жүргөндүгү аныкталган. Ал Жалал-Абадга алынып келинип ата-энесине өткөрүлүп берилди.

Баланын табылганына жакындары кубанып, милицияга ыраазычылык билдиришип, жакшылыктар болуусун тилек кылышты.

 

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы