Домой Жаңылыктар ИИМ: Чүйдө үй-бүлөлүк зомбулукту жана эрте никеге турууну алдын алуу боюнча мамлекеттик...

ИИМ: Чүйдө үй-бүлөлүк зомбулукту жана эрте никеге турууну алдын алуу боюнча мамлекеттик органдардын жыйыны өттү

8

2022-жылдын 14-ноябрь күнү Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук кызматынын демилгеси менен үй-бүлөлүк зомбулукту жана эрте никеге турууну алдын алуу максатын көздөгөн иш-чара уюштурулуп, ага бир канча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү чогулду. Бул маанилүү иш-чарага Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жыргалбек Шакиев, акимдин орун басары Алтынай Калыкова, Чүй районунун прокуратурасынын, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, айыл өкмөттүн башчылары, орто мектептердин директорлору жана социалдык педагогдор, айыл имамдары, Чүй РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын милициянын аймактык тескөөчүлөрү катышты.

Жыйындын башында Чүй райондук милициянынын Коомдук коопсуздук кызматынын начальниги Рысбек Сардарбеков сөз сүйлөп, район ичинде үй-бүлөлүк зомбулукту жана эрте никеге турууну алдын алуу багытында аткарылып жаткан иштер, катталган фактылар боюнча көрүлгөн чаралар, жаралган көйгөйлөр боюнча баяндама жасап, мамлекеттик органдар милиция менен биргеликте иш алып баруу керектигине токтолду.

“Бүгүнкү чогулуштагы күн тартибине коюлган көйгөйлүү болуп жаткан маселелерге токтоло турган болсом, “Үй-бүлөлүк зомбулук” жана “Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу” фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча иш-аракеттерди биргеликте алып баруубуз зарыл. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун, ИИМдин башчысы милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун милиция кызматкерлеринин, жалпы мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын үй-бүлөлүк зомбулук, жашы жете элек балдарды никеге турууга мажбурлоо, ала качуу фактыларын түп-тамырынан жок кылуу боюнча талаптары коюлгандыгын эске сала кетмекчимин. Биздин келээрки муундардын жаркын келечеги жана коопсуз жашоосуна ар бирибиз кам көрүүгө милдеттүүбүз. Өзүбүздүн районубуздун ичинде жогорудагы фактыларды алдын алуу, болтурбоо жана бөгөт коюу боюнча жогорку деңгээлде иш алып баруу керектигин сунуштайм.
Чүй районунун аймагында катталган “Үй-бүлөлүк зомбулук” фактыларына милиция тарабынан өз учурунда тиешелүү чаралар көрүлүп, алардын бардыгына коргоо ордерлери берилип, көзөмөлгө алынууда. Милициянын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан бул багыттарда жеке алдын алуу иштери жүргүзүлүп жатат. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардын ичинде жашы жете элек балдар, аялдар жана эркектер дагы бар.
Андан сырткары, жашы жете элек балдарды никеге турууга мажбурлоо, ала качуу фактылары боюнча дагы зарыл болгон иштер аткарылып жатат. Мындай окуялардын орун албашы үчүн айыл имамдарынан баштап, айыл өкмөттөрдүн башчылары, билим берүү мекемелери милиция менен бирге иштеп, алдын алуу иштерине жоопкерчиликтүү мамиле кылуубуз зарыл“,-деди өз сөзүндө Ырысбек Сардарбеков.
Андан соң, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү дагы жогоруда көрсөтүлгөн маселелер боюнча өздөрү тараптан аткарылып жаткан иштерге токтолуп, жыйынга келгендердин суроолоруна дагы жооп беришти.
Жыйындын аягында катышуучулар үй-бүлөлүк зомбулукту жана эрте никеге турууну алдын алуу, балдарга үй-бүлөдөн тарбияны берүү, жалпы билим берүү жайларында келечекке туура жолду көрсөтүү үчүн жалпы коомчулук жоопкерчиликти алып, бирдикте иш алып баруу керек деген бир пикирге келишти.

ИИМдин Басма сөз кызматы