Домой Жаңылыктар Бишкектеги мектеп-гимназияда хореографиялык зал ачылды

Бишкектеги мектеп-гимназияда хореографиялык зал ачылды

4

Бишкектеги №95 мектеп-гимназиясында хореографиялык зал ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Малыматка ылайык, ачылыш аземине билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жана Ленин РБББнин директору Таалайгүл Темирканова катышты.

Балдар «Достук» бий номерлерин көрсөтүп, жолугушуунун аягында эстелик үчүн сүрөткө түшүштү.