Домой Жаңылыктар Таласта акын Байдылда Сарногоевдин айкели тургузулууда

Таласта акын Байдылда Сарногоевдин айкели тургузулууда

11

 Талас шаарында кыргыз элинин көрүнүктүү акыны Байдылда Сарногоевдин айкели тургузулууда. Бул тууралуу Талас шаардык мэриясы билдирет.

Маалыматка ылайык, айкел акындын 90 жылдык мааракесине карата орнотулууда. Айкелди тургузуу үчүн Альянс-Алтын фонду тарабынан 3 млн сом акча каражаты каралып, учурда иштер кызуу жүрүүдө.

“Ошондой эле эстеликтин аймагындагы чакан гүлбакча үчүн брусчатка төшөлүп, айкелдин тегерегине арча-кайыңдар тигилүүдө. Гүлбакчаны куруу жана айланасын жасалгалоо үчүн жигердүү уул-кыздардын демилгеси менен каражат чогултулду”, — деп белгилешти муниципалитеттен.

Жакынкы күндөрдө айкелдин ачылышы күтүлүүдө.