БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеванын жактоочусунун аппеляциялык арызы бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаардык сотунда каралды.
Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы кабарлады. Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук соту чыгарга чечими күчүндө калтырылган.
«Бишкек шаардык соту Ж.Г.Кга карата соттук материалдарды карады. Ага карата
камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын колдонуу өзгөртүүсүз калтырылды», — деп билдиришти шаардык соттон.
Эске салсак, 23-октябрда ИИМдин кызматкерлери массалык баш аламандыкка даярдануу боюнча 20га жакын активист, блогер жана саясатчыларды камакка алган.