Домой Жаңылыктар Түркиянын Ички иштер министри Сулейман Сойлу «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барды

Түркиянын Ички иштер министри Сулейман Сойлу «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барды

15

Түркия Республикасынын Ички иштер министри Сулейман Сойлу Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө байланыштуу «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков жана ИИМдин кызматтарынын жетекчилери катышты.

Иш-чаранын катышуучулары 1916-жылдагы коогалаңда курман болгондорду эскерүү мемориалына, Саясий репрессиянын курмандыктарынын эстелик мемориалына, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө жана 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына гүл коюшту.

ИИМдин Басма сөз кызматы