Журналист Санрабия Сатыбалдиева 3-ноябрда түндө Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө абагына 48 саатка камалган.
Учурда кош бойлуу журналисттин абалы начарлап ооруканага жеткирилген. Анын алдында дагы милициядан оорукагана жеткирилип дарыгерлер “боюнан түшүп калуу коркунучу бар”,- деген корутунду чыгарган. Учурда үйүндө эки жашар кызы калганы кабарланууда.
Ал арада Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Фейсбук баракчасы аркылуу билдирүү жазып, кош бойлуу журналист айымдын камалышы мыйзамга туура келбестигин белгилейт. Ал эми оператор Калыс Ашырбаевди таап жолукканга аракет көрүлүп жатканын билдирген.
Акыйкатчы Атыр Абдрахматова «Санрабия Сатыбалдиева менен жолуктум, адвокаттары кирди. Санрабияга дарыгерлер “бойдон түшүү” мүмкүн деп коюшуптур. Түнү тергөөчү ар кайсы жака алып жүрө берген. Бул адамгерчиликсиз мамиле деп баалайм.
Прокуратура кызматкерлерин чакырдым. Тез жардам чакырдым, алар бул келин “госпитализация” болгон, эмнеге кайра ИВСте камап отурат деп таң калууда»-деди.