Домой Коом Өзгөн шаарынын 21 жаштагы тургуну диний- экстремисттик мүнөздөгү материалдарды таркаткандыгы үчүн иши...

Өзгөн шаарынын 21 жаштагы тургуну диний- экстремисттик мүнөздөгү материалдарды таркаткандыгы үчүн иши сотко өттү

45

Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний экстремисттик уюмдун идеологиясын таратып, материалдарын сактап, өзүнө таандык интернет мейкиндигинде инстаграм социалдык баракчасына таратып жүргөндүгү такталган Өзгөн шаарынын тургуну 21 жаштагы Т.А. кармалган.

Топтолгон материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш -Жаза Кодексинин 332-беренесидеги кылмыш белгилеринин негизинде кылмыш иши козголуп иши соттун кароосуна өткөрүлдү.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы