Домой Маек Айылчы Сарыбаев, экономист: «Темир жол алыс жолду жакындатат, аз кирешени көбөйтөт»

Айылчы Сарыбаев, экономист: «Темир жол алыс жолду жакындатат, аз кирешени көбөйтөт»

23

-Айылчы агай, Кыргызстан-Кытай Өзбекстан темир жолун куруу маселеси Астанада дагы көтөрүлдү. Темир жол мамлекеттин экономикасын көтөрүп, чет мамлекеттер менен экономикалык байланышты бекемдейби?

-Жол курулушу эч качан зыян алып келбейт. Темир жол курулушу инфраструктураны жакшыртат. Алыс жолду жакындатат. Аз кирешени көбөйтөт. Чет мамлекеттер менен экономикалык байланыш көбөйөт. Кыргызстан жолу жок тоолуу өлкө. Жолу жок өлкөнүн келечеги жок. Ошон үчүн жолуң шыдыр болсун, жолдошуң кыдыр болсун деп бата берет.