1-ноябрь-Кыргыз милициясынын түзүлгөн күнүнө карата ички иштер органдарынын кызматкерлери арасында уюштурулган динамиада жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланды. Үч күнгө созулган мелдешке ИИМден жана аймактардан келген жалпы ондон ашык команда, спорттун ордо, дарте, тогуз коргоол, жеңил атлетика, шахмат, кол күрөш жана стол тенниси боюнча күч сынашты. Майрамдын асты менен уюштурулган мелдештин жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу үчүн ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын кесиптик даярдоо жана дене тарбия башкармалыгынын начальниги Мамадалы Шакиров, “Динамо” коомдук бирикмесини биринчи орун басары Төрөкул Мадалиев, Ички аскерлердин колбашчысынын орун басары полковник Бакыт Айипов жана ИИМдин Академиясынын начальниги Тариел Абитов, ошондой эле ИИМдин КББнын өздүк курам менен иштөө жана кесиптик даярдык башкармалыгынын тарбия жана спортту уюштуруу боюнча бөлүмчөсүнүн начальниги Улан Абиров жана ушул эле бөлүмчөнүн улук инспектору Кыялбек Орозалиев катышты.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча жалпы командалык жеңиште биринчи орунду ИИМдин Академиясы ээлеп, командага кубок, диплом жана акчалай сыйлык тапшырылды. Ал эми экинчи орунду ИИМдин Күзөт кызматынын курама командасы ээлесе, үчүнчү орунга Бишкек ШИИББдин кызматкерлеринин командасы татыды. Жеңүүчүлөргө кубок, диплом жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды. Андан сырткары оюн учурунда мыкты көрсөткүч көрсөткөн кызматкерлер жеке жетишкендиктери үчүн атайын медаль, грамоталар менен сыйланышты.
Иш-чаранын соңунда, сыйлык тапшырууга келген жогоруда аты аталган жетекчилер катышуучуларды келе жаткан 1-ноябрь-Кыргыз милициясынын түзүлгөн күнү жана алган сыйлыктары менен куттуктап, жылуу каало-тилектерин айтышты.
ИИМдин Басма сөз кызматы