Домой Жаңылыктар ИИМ: Баңгизаттын ири партиясын түзөтүү абагына ыргыткан шектүүлөр кармалды

ИИМ: Баңгизаттын ири партиясын түзөтүү абагына ыргыткан шектүүлөр кармалды

11

2022-жылдын 10-октябрь күнү белгисиз адамдар Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №3 мекемесинин аймагына тыюу салынган буюмдарды ыргаткан.

Баңгизат сырткы тосмо аркылуу ыргытылып, бирок көзөмөлдөөчү тилкеге түшүп калган. Окуя болгон жерден скотч менен оролгон өзгөчө жыты бар кочкул-жашыл түстөгү эки таңгактагы зат табылган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, режимдик мекеменин аймагына алып өтүүгө аракет кылган заттар жалпы салмагы 2 килограмм 206 граммды түзгөн кара куурай чайыры (гашиш) болуп саналат.
Бул факты боюнча Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери менен биргеликте баңгизатты ыргытууга тиешеси бар жарандардын өздүктөрүн аныкташкан. Шектүүлөр айдап жүргөн «Дэу-Нексия» үлгүсүндөгү унаа дагы табылган.
Жакында көрүлгөн чаралардын натыйжасында жогорудагы көрсөтүлгөн кылмышка шектүү катары мурда соттолгон, кылмыштуу чөйрөдө “Смотрящий” статусуна ээ болгон Чүй облусунун 1994-жылы туулган тургуну А.уулу Т., анын шериги Чүй облусунун 1980-жылы туулган тургуну М.Э. кармалган. Кармалган жарандар Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Соттун чечими менен кармалган жарандарга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. Учурда мындан аркы ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, соттолгондордун арасында шектүүлөрдү аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы