Домой Жаңылыктар Бишкектин Көлмө конушундагы көпүрөнүн курулушу аяктоодо

Бишкектин Көлмө конушундагы көпүрөнүн курулушу аяктоодо

16

Бишкек шаарынын Көлмө конушундагы Ала-Арча дарыясына көпүрө куруу иштери уланууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Ишти «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы жүргүзүүдө, Учурда асфальт төшөө үчүн пайдубалын даярдоо иштери бүткөрүлдү, түштүк тарабына ирригациялык түйүндөр тартылды, ушул жылдын аягына чейин көпүрөнүн ачуу аземи пландалган.

Белгилей кетсек, учурдагы өтмөктөн өтүү коопсуздук жараткан эмес.

Ошондой эле, жогоруда аталган муниципалдык ишкана тарабынан 660 метр узундукту түзгөн конуштун Тендик көчөсүнөн баштап Жаш Гвардия бульварына чейин Мыскал көчөсүн оңдоо иштери жүрүп жатат.