Домой Жаңылыктар Атай Бейшенбек менен Акыл Айтбаевдин бөгөт чарасы бүгүн каралат

Атай Бейшенбек менен Акыл Айтбаевдин бөгөт чарасы бүгүн каралат

7

Башаламандык уюштурууга шектелип, жапырт кармалгандардын экөө — Атай Бейшенбек жана Акыл Айтбаевдин бөгөт чарасы бүгүн, 25-октябрда каралышы күтүлүүдө. Бул тууралуу «Кылым шамы» укук коргоо уюмунун негиздөөчүсү Азиза Абдирасулова «Азаттыкка» билдирди.

Атай Бейшенбек 23-октябрда, Акыл Айтбаев 24-октябрда кармалган.

Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган 20 саясатчы жана активист эки айга камакка алынды. Мындай чечимди 24-октябрда жана 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Ага ылайык, кармалгандар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же СИЗО-1 деген аталыш менен жалпыга маалым болгон Бишкектеги №1 тергөө абагында 20-декабрга чейин камакта болот. Арасында саясатчы Азимбек Бекназаровдун камактагы мөөнөтү 23-декабрга чейин, Рита Карасартованын камак мөөнөтү 21-декабрга чейин деп белгиленди. Жалпысынан 20 кишинин бөгөт чарасы аныкталып, чечим чыкты. Сот ишин таңкы саат бешке чейин улантты. Чечим чыккандар:

  1. Азимбек Бекназаров
  2. Асия Сасыкбаева
  3. Али Шабдан
  4. Рита Карасартова
  5. Айданбек Акматов
  6. Равшан Жээнбеков
  7. Кубанычбек Кадыров
  8. Чыңгыз Капаров
  9. Перизат Суранова
  10. Кеңешбек Дүйшөбаев
  11. Н.Асанбаев
  12. Эрлан Бекчоро уулу
  13. Айбек Бусурманкулов
  14. Таалайбек Мадаминов
  15. Улукбек Маматаев
  16. Гүлнара Журабаева
  17. Клара Сооронкулова
  18. Бектур Асанов
  19. Жеңиш Молдокматов.

Кармалгандардын бири Талант Эшалиев ден соолугуна байланыштуу эки айга үй камагына алынды.