Акыркы убактагы өлкөдөгү болуп өткөн окуялар коомдук-саясий абалды курчутууга жана социалдык чыңалууга ыңгайлуу шарт түзүшү мүмкүн.
Мына ушундай жагдайды эске алып, мамлекеттик бийликтин жогорку органдары өз көз карашы бар адамдарды куугунтукка алуудан жана мамлекеттин репрессивдүү меторддорун колдонуудан баш тартып, биз бир нече ирээт демилгелеген диалог жана консолидация форумун өткөрүүгө чакырабыз.
Мына ушуну менен бирге эле, өз пикирин эркин билдирген инсандарды, Кемпир-Рабатты коргоо боюнча комитеттин мүчөлөрүнүн колдоочуларын өлкөдөгү башаламандыкка алып келүүчү аракеттерин токтотууну өтүнөбүз.
“Консолидация жана Диалог” кыймылы бул аталган форумду уюштурууга аянтча түзүп берүүгө даярдыгын билдирет.
Мекенибиз бирөө жана аны көздүн карегиндей сактап калуу үчүн биргелешкен аракеттерди көрөлү.