Домой Жаңылыктар Кыргызстандык окуучулар Краснодарда өтүп жаткан жол кыймылынын жаш инспекторлорунун эл аралык слётуна...

Кыргызстандык окуучулар Краснодарда өтүп жаткан жол кыймылынын жаш инспекторлорунун эл аралык слётуна катышууда

16

Кыргызстандык окуучулар Краснодар крайында өтүп жаткан жол кыймылынын жаш инспекторлорунун XVII эл аралык слётуна катышууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Слёттун салтанаттуу ачылышында Кыргызстанды «Радар» командасы тааныштырды. Бишкек шаарындагы №1 мектеп-интернатынын тарбиялануучулары эл аралык слёттун катышуучуларына жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча өз өнөрлөрүн жана чеберчилигин көрсөтө алышты.

Жол кыймылынын тескөөчүлөрүнүн тайпаларынын түзүлө баштаган күнү 1973-жылдын 6-марты ЖКТдин отряддарынын туулган күнү болуп эсептелет. Фрунзе шаарында 1982-жылы ЖКТнын экинчи Бүткүл союздук слёту болуп өткөн. Учурда Кыргызстандын аймагында Ички иштер министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан балдар катышкан жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу максатында жыл сайын шаардык, райондук, облустук жана анын жыйынтыгында жаш автоинспекторлордун республикалык кароо-сынактарын өткөрүп турушат.

Активдүү катышуучулар жана жеңүүчү командалар ЖКТнын эл аралык слётуна катыша алышат. Бүгүнкү күндө жол кыймылынын жаш инспекторлорунун отряды — бул окуучулардын ыктыярдуу чыгармачылык бирикмеси болуп саналат. Алар мектептерге балдардын жол-транспорт кырсыктарынан жаракаттардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча иштерди уюштурууга, ошондой эле өз мектебинде жана жакын жайгашкан мектепке чейинки балдар мекемелеринде жолдо жүрүүнүн маданиятын жайылтууга жардам берип келүүдө.