Домой Жаңылыктар Баткенде кызмат өтөгөн аскерлердин айлык акысы эки эсе жогорулатылды

Баткенде кызмат өтөгөн аскерлердин айлык акысы эки эсе жогорулатылды

21

 

Баткен облусунда кызмат өтөгөн аскерлердин айлык акысы эки эсе жогорулатылды, ал эми аймакта кызмат өтөөнүн 1 жылы 2 жыл катары эсептелинет.
Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында маалымат берип жатып айтты.
Анын айтымында, окуянын алгачкы күндөрүндө эле Баткен облусуна керектүү күчтөрдү жана каражаттарды: курал-жарактарды, ок-дарыларды, техникаларды, өздүк курамды, күйүүчү майларды, дары-дармектерди, азык-түлүктөрдү жеткирүү уюштурулган.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 19-октябрда парламент жыйынында билдиргендей, кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы куралдуу кагылышууда Кыргызстандын каза болгон 63 жаранынын 48и аскер кызматкерлери.