Домой Жаңылыктар Кадамжайда милиция кызматкерлери мал базардагы уурулукту алдын алууда

Кадамжайда милиция кызматкерлери мал базардагы уурулукту алдын алууда

4

Кадамжай РИИБдин милициянын аймактык тескөөчүлөрү көчмө кабылдама унаасы менен Кадамжай районунун жайма жана мал базарларын кыдырып, элдерди кабыл алып, кылмыштуулукту болтурбоо, ар түрдүү чөнтөк кесер ууруларынан сак болуусу түшүндүрүлүп, ошондой эле мал уурулуктун алдын алуу максатында сарайларына жарыктандыруу видео байкоолорду орнотуу, эшиктерин бекемдөө боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүүдө.


Мындан сырткары жарандарга милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу, өспүрүмдөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөө, айыл жергесинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарды болтурбоо, мал уурулуктун алдын алуу, жаш балдарды көзөмөлдөө боюнча эскертүүлөр берилди.

Кадамжай РИИБнын милициянын көчмө кабылдамасы түзүлгөн графиктин негизинде үзгүлтүксүз иш алып барып, район тургундарына сервистик тейлөөлөрдү убагында жүргүзүп жатат.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы