—Турсунбай агай, эмнеге Кемпир-Абадды Өзбекстанга бербейбиз курултай өткөрүп, активдеше башташты. алардын максаты эмне?
—Курултай деген шылтоо менен Кемпир-Абадда жыйын өткөргөндөр элди бийликке каршы тукуруп, Россиянын жардамы менен бийликке келүүнү көздөп жатышат.
-Баса, Кемпир-Абад курулганы эле Өзбекстан ээлик кылып келе жатканы тууралуу да кептер айтылууда. Бул маалыматтын чындыгы барбы?
-Чындыгы бар. 1994-жылы шайлоо компаниясы башталганда Куршаб менен Кызыл-Октябрдын шайлоочулары менен жолукканымда биздин ата бабаларыбыздын жери Кемпир-Абаддын алдында калды. Депутат болуп калсаңыз ушул маселени көтөрүңүз. Кемпир-Абадды Өзбекстанга берген Турдакун Усубалиев да Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышып жатыптыр дешти. Депутат болгончо эле Кемпир-Абад боюнча чоң макала жазып гезитке чыгардым. Депутат болгондон кийин да бул маселени иликтеп, эки жолу гезитке макала чыгардым. Бир сапар тепкичтен чыгып баратсам, Турдакун Усубалиев мени күтүп турган экен. “Ээ балам, бул жакка келчи”- деди. Барсам, “сен мени үч жолу жамандап жаздың. Мен сага Кемпир-Абад тууралуу түшүндүрүп коёюн”- деди. Турдакун аба, мага эмес, элге түшүндүрүп бербейсизби. Мен Кара-Суу менен өзгөндүн элин топтоп берейин дедим. Азыр Кемпир-Абаддын алдында калган жер эле эмес, Кемпир-Абаддын тегерегинде жашаган куршаб, Кызыл-Окябрь, Кара-Суу, Савай айыл өкмөтүнөн Жаңы-Арыкка чейин Кемпир-Абадга чогулган суу тээп, адамдардын үйлөрү сыз, ным болуп, тамдары жарактан чыгып, кулай баштаптыр дедим. “Элиңе салам айтып, менин атымдан ушуну айтып кой”-деди. “Ал мезгилде мен Кыргызстандын биринчи катчысы элем. Өзбекстандын биринчи катчысы саясий бюронун кандидаты, мүчөсү эле. Саясий бюронун мүчөсү деген жогорку даражалуу кызмат эле. Анын жанында мен эч ким эмес элем. Ошон үчүн Кемпир-Абадды бербейм деп айталган эмесмин” деди.
Мен ачуум келип, Кемпир-Абадды бербейбиз десеңиз сизди өлтүрүп коёт беле. Өлтүрсө Кыргызстан үчүн өлөт элеңиз да. Жерди бербей койбойт белеңиз дедим. Ал мага “Москва кысым көрсөттү” деди. Ачуум келип, саламыңызды айталбайм, өзүңүз эл алдына барыңыз, сизди саткын деп жатат дедим. “Барбайм”- деди. Турдакун Усубалиевдин 1998-жылы китеби чыгыптыр. Анда Кемпир-Абад боюнча мени күнөөлөп жатышат деп актанып жазыптыр. Усубалиев актанбай эле койсун. Өзбекстанга Кемпир- Абадды өзүнүн колу менен өткөрүп берген. Ошон үчүн Кемпир-Абад ишке киргенден бери Өзбекстан башкарып жатат да. Кемпир-Абадды союз мезгилинде Өзбекстанга өткөрүлүп берилгенин жакшы билем. Депутат катары да изилдегем.
Баса, биз бала кезде сууга түшөлү деп Кемпир-Абадга барганыбызда Өзбекстандын МАИси жолдон тосчу. Биз сууга түшүп эле кайра келчүбүз. Азыр сууга чөмүлсөңөр, балык кармасаңар болот. Суунун жээги Кыргызстанга өттү. 50 пайызын Кыргызстан башкарат деп жатышат го.
—Баса, Өзбекстан Кемпир-Абадды колдонгону үчүн куруп беребиз деген эки каналын куруп берген эмес деген кептер да айтылып жатат го?
-Турдакун Усубалиев дагы Өзбекстан сөзүнө турбаганын, куруп беребиз деген эки каналын куруп бербегенин айткан. Чынында Турдакун Усубалиев коркуп, Өзбекстанга куруп беребиз деген эки каналды курууну талап кыла алган эмес. Ошонун айынан Өзгөн, Араван, Кара-Сууга чейин суу өтө турган савай каналы курулган эмес. Экинчи канал менен Кадамжайдын Бүргөндү массивине чейин суу бармак. Лейлек, Баткен жана Кыргызстандын таштак жеринде жашаган 100 миңдеген элдер көчүрүлмөк. Тилекке каршы, ал дагы ишке ашкан эмес.
—