Домой Маек Манас Осмон, журналист: «Чек ара чырына такап, бийликти тартып алалы деген эч...

Манас Осмон, журналист: «Чек ара чырына такап, бийликти тартып алалы деген эч ким жок»

39

— Манас мырза, мына өзүңүз көргөндөй, Кемпир-Абад боюнча Курултай болду. Бирок, ал суу сактагыч илгери эле Өзбекстанга берилип кеткен деп жатышат. Ошондо, курултай чакыргандар бийликке жетүүнү максат кылып жатышабы? — Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча элде так маалымат жок. Эгер Өзбекстанга берилип кеткен болсо, бергендер жооп берет. Анткени, мындай чалкеш заманда чек ара маселесин чечүү опурталдуу. Курултай болду, максатына жетти деп ойлойм. Активисттер жана Өзгөн эли Кемпир-Абад боюнча көз караштарын билдирип, бийликке муш кезеп келди. Бул «мамлекеттин тагдырын өз алдыңарча чечалбайсыңар. Өлкөнүн ээси эл. Эл менен кеңешкиле» — деген маселе. Курултай чакыргандар бийликти алсыраталы же, бийликти алалы деп барган жок. Андай маселени азыр эч ким ойлоно да элек. Азыркылардын бийлигин чек арага байланыштырып, тартып алалы деген да, эч ким жок.