Эгерде биз ушундай мамиле кылсак, анда биз өзүбүздү жоготобуз. Азыр Ош облусунун жетекчиси келсе, ышкырып сөздү укпай койдуңар. Жаратылыш эмнеси менен кооз? Дарагы, уулуу чөбү, жыттуу гүлү, пайдалуу чөбү менен кооз. Анан жетекчилердин сөзүн чыдап угуп койгонго жарабасак, кантип маселе чечилет? Туура эмес да бул! Кандай ачуу болсо да, жакпаса да, өзүбүздү өзүбүз сыйлабаганыбыз туура эмес! Анда шайлабай койгула да! Шайлоого келгенде башка, бул жерге келгенде башка. Бул болбойт. Аксакал катары өзүмдүн оюму айтып атам. Экинчиден, кайда жүрдүңөр эле деп бизге таш ыргыткан жигиттин өзүнө айтайын дедим эле. Аким айтсын, каякта жүрдүңөр, эмнеге чечпейсиңер деп. Биз өз учурунда чечип жүргөнбүз. Биз эмне депутат, министр, премьер-министр же президентпизби чече турган?! Биз силердей эле катардагы адамбыз. Оюбузду гана анализдеп айта алабыз. Урматтуу эки тарап, мына ушинтип түптүз жерден өзүбүзгө каршы кылган, анын кесепетин баарыбыз тартабыз. Өзгөчө эл тартат. Революция болуп анын кесепетин кыйналган, тонолгон, качкан, мигрант болуп эл көрөт.