Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери улгайган адамдарга көңүл буруу жана камкордук көрүү максатында Бишкек шаарынын тургуну, ички иштер органдарынын ардагери Александр Барановскийди Карылар күнү менен куттукташып, материалдык колдоо көрсөтүштү.
Александр Барановский Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын эң улуу ардагери – ал азыр 75 жашта. Ал Караганда жогорку милиция мектебинин бүтүрүүчүсү, Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин лицензиялык-уруксат берүү системасында көп жылдар бою иштеген. Ардагерибиз ички иштер органдарында көп жылдар бою кызмат өтөп, Ата-Мекендин, элдин жыргалчылыгы үчүн иштегени менен сыймыктанат.
“Сиз милициянын мыкты салттарын жаш муунга өткөрүп, тажрыйбаңыз менен бөлүшүп, баалуу кеп-кеңешиңизди айтып келесиз. Сиздин билимиңиз жана тажрыйбаңыз заманбап шарттарда өзгөчө маанилүү, өсүп келе жаткан муун дайыма улуулардан үйрөнө турган нерсеге ээ. Бардык ардагерлерге көп жылдык жан аябас эмгеги жана берилгендиги үчүн жалпы милиция кызматкерлеринин атынан ыраазычылык билдиребиз. Сиздерге чың ден-соолук жана бакубатчылык каалайбыз”, — деп белгилешти ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери.
ИИМдин Басма сөз кызматы