Домой Жаңылыктар 2023-жылы КМШда төрагалык кылуу Кыргызстанга өттү

2023-жылы КМШда төрагалык кылуу Кыргызстанга өттү

9

Астанада (Казакстан Республикасы) Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин тар курамдагы жыйынында 2023-жылы Уюмга төрагалык кылуу маселеси каралды.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, делегациялардын башчылары төрагалыкты Кыргыз Республикасына, ал эми тең төрагалыкты Россия Федерациясына жана Казакстан Республикасына өткөрүп берүү чечимине келишти.

Кыргыз Республикасынын сунушу менен КМШ МБК кезектеги жыйынын 2023-жылдын 13-октябрында Бишкек шаарында өткөрүү чечими кабыл алынды.