Домой Жаңылыктар Күч бирдикте! Нарында ардагерлер Баткен үчүн 100 миң сом топтоду

Күч бирдикте! Нарында ардагерлер Баткен үчүн 100 миң сом топтоду

15

Учурда Баткен облусунун элине жарандарыбыз колдон келишинче жардам берип жатат. Колдо болгон оокатынан тамак-ашына чейин ташыган элдин биримдиги жүрөк жылытат.

Мындай кайрымдуулук ишинен ички иштер органдарынын кызматкерлери, ал тургай ардагерлери да четте калган жок. Баткен облусунун элине жардам кылуу максатына Нарын облустук ички иштер органдарынын ардагерлери 100 миң сом акча каражатын чогултуп, тиешелүү эсепке которушту. Баткен элинин башына түшүп турган оор күндөрдө колдон келген жардамдарын берүү максатында өз салымдарын кошуп жаткан ардагерлерге ыраазычылык билдиребиз!

Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматы