Домой Жаңылыктар ИИМдин Ички аскерлеринин 702 аскер бөлүгүнүн түзүлгөнүнүн 56 жылдыгы белгиленди

ИИМдин Ички аскерлеринин 702 аскер бөлүгүнүн түзүлгөнүнүн 56 жылдыгы белгиленди

16

2022-жылдын 30-сентябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин 702 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкерлери аскер бөлүктүн түзүлгөнүнүн 56 жылдыгын белгилешти.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскрлеринин колбашчысынын орун басары-штабдын начальниги полковник Марат Нуралиев, Республикалык жоокер энелери комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова, аскер бөлүктүн ардагерлери жана чакырылган меймандар катышышты.

Салтанаттуу иш-чара Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлерининин Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон куралдуу чыр-чатакта курман болгон аскер кызматкерлерин мүнөттүк эскерүү менен башталды. Андан соң аскер бөлүктүн өздүк курамын полковник Марат Нуралиев куттуктады. Өзүнүн куттуктоосунда, ал бөлүктүн тарыхы – бул жан аябас эмгектин, өздүк курамдын кайраттуулугунун жана баатырдыгынын, Мекенинин чыныгы атуулдарынын жылнамаасы экенин белгиледи. 1980-жылы аскер бөлүктүн өздүк курамына Москва шаарында өткөн 22-Олимпиядалык оюндарда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу ишеничи берилген. Жогорку деңгээлдеги көрсөткүчтөрүнүн негизинде аскер бөлүк СССРдин ИИМдин Ички аскерлеринин Аскердик Кеңешинин Туусу, СССРдин ВЛКСМдин Борбордук комитетинин Кызыл Туусу жана башка жогорку даражадагы сыйлыктар менен бир нече жолу сыйланган.

Салтанаттуу иш-чарада аскер бөлүктүн бир нече аскер кызматкерлери Ички аскерлердин колбашчысынын, аскер бөлүктүн командиринин жана биргелешип иштеген органдардын жетекчилеринин буйруктарынын негизинде медалдар, төш белгилер, грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Салтанатту иш-чаранын соңунда өздүк курамга майрамдык концерт тартууланып, жоокерлерге майрамдык тамак уюштурулду.

ИИМдин Ички аскерлеринин Басма сөз кызматы