Домой Жаңылыктар Алмазбек Бейшеналиев: Күнөөлүү эмесмин

Алмазбек Бейшеналиев: Күнөөлүү эмесмин

87

Пара алууга шек саналып жаткан билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев күнөөсүн моюнуна албай турганын айтты.

«Бул пара эмес, башкача себеп менен берилген акча болчу. Инвестиция тууралуу бир проект бар болчу, ошого берилген акча. Чет өлкөлүктөр берген акча болчу. Баары жакында ачыкка чыгат. Тергөөдө жазып бердим. Эч кабатыр болбоңуздар. Эч кандай күнөөм жок», — деди Алмазбек Бейшеналиев.

Сот имаратынын сыртында анын тарапкерлери колдоо акциясына чыгышты.