Домой Жаңылыктар Садыр Жапаров жубайы менен Түркияга барды

Садыр Жапаров жубайы менен Түркияга барды

1011
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров канайым Айгүл Жапарова менен Түркиянын Бурса шаарына барды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Эскерте кетсек, аталган калаада IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары болот. Президент анын ачылыш салтанатына катышмакчы.
Бүгүн башталчу Көчмөндөр оюндары 2-октябрда жыйынтыкталат. Буга чейин Маданият министрлиги Кыргызстан ага толугу менен даяр экенин билдирген болчу.